• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровду Москвага кимдер коштоп кетти? ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

24 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ РОССИЯГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ТЕКШЕРИЛДИ

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында Ленин районунда шайлоого карата даярдык текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык жана райондук кызматтарга УШКларда материалдык-техникалык камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларын пандустар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле шайлоого аралашпоосу тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

ӨКМ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелердин катарына Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кирет.

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Количество просмотров: 125