• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жарандык активист жалгыз пикетке чыкты. Сузакта жол кырсыгынан жаш жигиттер жабыркады

2 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

2-ноябрга карата Кыргызстанда таажы илдетинен дагы эки бейтап каза болду. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, акыркы суткада 98 киши инфекцияны жуктуруп алды. Өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2674кө жетти. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 181 миңден ашып, алардын 175 миңден көбү айыкты.

ЖАРАНДЫК АКТИВИСТ ЖАЛГЫЗ ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 2-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына жалгыз пикетке чыкты. Колуна «Кымбатчылык кыйнады» деген жазуусу бар плакат, бош табак, чака кармаган активист Министрлер кабинети алакан жайып, Кыргызстан импортко көз каранды экенин айтуудан тажабай турганына нааразы болуп, бааларды көтөрүүдөн мурда чукул жыйын өткөрүп, жумушсуздук менен пандемияны эске алыш керек болчу деген пикирин билдирди. Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы мезгилде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кымбаттады. Улуттук статистика комитети кабарлагандай, бир жылда өсүмдүк майы — 54,6%, картөшкө — 46,3%, жумуртка — 35,4%, эт — 27,5%, ун — 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлгөн.

СУЗАКТА ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЖАШ ЖИГИТТЕР ЖАБЫРКАДЫ

Сузакта унаа жылкыны сүзүп, жаш жигиттер жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Чолок айылында “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган жаш жигиттер жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Количество просмотров: 80