• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жаш кызды сабаган окуучунун ата-энеси айыпка жыгылды. Коронавирус бир адамдан табылды

28 Чын куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧ АБАЛ

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирустун жаңы бир учуру (Бишкекте) катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен үч бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 9 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 340 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН БИР АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-апрель күнү саат 16:50 чамасында катталган. Кемин районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну Опель Зафира кызматтык унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды (айдоочусу К.Б., 1975-жылы туулган, Бишкектин тургуну) артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Опель Зафира унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошол эле жеңил унаанын эки жүргүнчүсү 1976-жылы туулган И.К. жана 1977-жылы туулган М.К. жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

«Каза болгон адам ЭлТР мамлекеттик компаниясынын кызматкери болгон. Жол кырсыгы каттоого алынып, унаалар айып короосуна токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

ЖАШ КЫЗДЫ САБАГАН ОКУУЧУНУН АТА-ЭНЕСИ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучунун ата-энеси айыпка жыгылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаардык балдар ооруканасынан 2010-жылы туулган окуучу кыз бейтапканага бети көгала болуп түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Териштирүү учурунда аны башка окуучу кыз ур-токмокко алганы аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 4-класстын окуучусунун ата-энесине Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси («Ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу») менен протокол түзүлүп, миң сом айыппул салынган.

Буга чейин Бишкектеги №6 кичи районунун сейил багында 4-класстын окуучусу экинчисин сабап жатканы тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 229