• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков маалымат жыйын берди. Жубайлардын урушу адам өлүмү менен аяктады

25 Бештин айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕНКОВ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 25-декабрда президент жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынды Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрду. Жыйынга катышуу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и —Тышкы иштер министрлигинде катталган 15 чет өлкөлүк ММКнын журналисттери. Мамлекет башчынын маалымат жыйыны Сооронбай Жээнбековдун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн курган биринчи жыйыны 2018-жылдын 19-декабрында болгон.

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ НЕГИЗГИ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТ ЖАБЫЛАТ

2020-жылдын январь айынан тарта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан негизги делген «Кордай» жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункттары оңдоо иштери үчүн жабылат. Эл аралык деңгээлде реконструкцияланат. Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтымында, 19-декабрда парламенттик топ Казакстандын депутаттары менен жолугушту. Казакстан оңдоо иштери үчүн 5 млрд 500 млн тенге, Кыргызстан 300 млн сом бөлүүнү пландап жатат.Ал өткөрмө пункттардын жабылышы жарандарга, туристтерге ыңгайсыздык жаратарын айтып, өкмөткө альтернативдик жол табуу маселесин койду. Мирлан Бакиров ал жерден 1 жылда 5 миллиондой калк, 1 миллиондой унаа өтө турганын айтты.


ЧҮЙДӨ ЖУБАЙЛАРДЫН УРУШУ АДАМ ӨЛҮСҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда жубайлардын урушу адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. Маалыматка караганда, 24-декабрда милицияга Беш-Күңгөй айылындагы аскер госпиталына бычактан жарадар болгон аял келип түшкөнү кабарланган. «24 жаштагы Ы.П. алган жаракатынан улам каза болгонун милиция аныктады. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол эле күнү милицияга Арашан айылындагы ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөнүн билдиришкен. Алдын ала маалыматка караганда, ал өзүнө өзү бычак сайган. 28 жаштагы Ч.Р. каза болду», — деп билдиришти ОИИББдан. Маалыматка караганда, Ы.П. менен Ч.Р. аялы жана күйөөсү болгон. Алар 3 жылдан бери бирге жашап, 2 баланы тарбиялап жатышкан.

Количество просмотров: 220