• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: ЖК Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок. Атамбаевдин иштери каралууда…

22 Бештин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-декабрга берген маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 787 киши көз жумду.

Соңку бир суткада 50 адам коронавирусту жаңы жуктурганы аныкталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 184 319 адам коронавирус менен катталган. Ал эми акыркы суткада 41 бейтап илдеттен сакайып чыкты.

Азыркы учурда өлкө боюнча 649 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 295и ооруканада болсо, 345 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

ЖК ЖЕТИГЕНОВДУ ЖООПКО ТАРТУУГА КАРШЫ

Депутаттар Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. Токтом долбооруна 88 депутат «макул» добуш берди.

Комиссия депутатты жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептейт.

Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

8-декабрда Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун караган.

Комиссия депутаттарды жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептей турганын билдирди. Талкуунун жыйынтыгында парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-декабрда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошоткон.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН КЫЛМЫШ ИШТЕРИ

Сотто Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү иштери бир өндүрүшкө бириктирилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды.

«Дал ушул иштер боюнча бөгөт чарасын өзгөртүштү, себеби жаңы Кылмыш кодекси боюнча күнөөлөнүп жаткан адам тергөө абагында бир жылдан ашык жатпашы керек»,-деп билдиришти Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан.

Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Количество просмотров: 160