• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жогорку соттун төрайымына карата иш козголду. Коронавирустан дагы 3 киши көз жумду

24 Бештин айы 2020 14:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч киши каза болду. 186 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1340 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79 845 ​адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 73 870 адам.

Стационарда – 1418 ​бейтап дарыланууда. 2320 ​үйдө дарыланууда.

ТАШИЕВ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН БЕРДИ

Жогорку Кеңештин депутатын кармадык, деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-декабрдагы маалымат жыйында.

«Ал 8 жылда чоң кылмыш жасаганы үчүн мамлекетке чоң суммадагы акча төлөйт. Ал мамлекетке чоң сумма төлөп берет деген шарт койдук. Азыр жарымын төлөп койду», — деди К.Ташиев.

Бирок ал депутаттын атын атаган жок.

Маалымат жыйында Камчыбек Ташиев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтты.

“Материалдарды дисциплинардык комиссияга өткөрүп бердик. Эгерде комиссия чечим кабыл алса ал жоопкерчиликке тартылат. Ал мыйзам бузуп, натыйжада чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Биз ишти аягына чыгарабыз”, – деди Ташиев.

МУГАЛИМДИ  ҮГҮТ ИШИН КЫЛУУГА ЭЧ КИМ МАЖБУРЛАЙ АЛБАЙТ

Мугалимдерди кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мугалим иш убактысынан сырткары КР жараны катары президенттикке талапкерлердин үгүт иш-чараларын көрүүгө бара алат.

«Бирок аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Ошондой эле мугалим ишинен убактылуу бошонуп, шайлоо комиссиясына иштей алат», — деди ал.

Жусупбекова белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мугалимдерди тигил же бул талапкерди шайлаттырууга мыйзам жол бербейт.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Количество просмотров: 259