• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жол кырсыгында 4 адам мерт кетти. Соцтармакта сөгүнгөндөргө айып салуу сунушталды

6 Кулжа 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА 4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Бишкек – Ош унаа жолунун 178 чакырымында унаа кырсыгы катталды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, «Тайота-Альфарт» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам ошол жерде каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда

САРЫ-КЫРДА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ
5-июндан 6-июнга караган түнү Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жол кызматтары жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү тууралуу маалымат жок.

СӨГҮНГӨНДӨРГӨ АЙЫП САЛУУ СУНУШУ
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүшкөн жарандарга 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Эл өкүлдөрү парламентарий Жамиля Исаеванын социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында балдарга зыяндуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатышат.
«Тик-Токто сөгүнгөн сөздөр көп. Маданият министрлиги кайда карап калды? Мүмкүн болсо балдарга зыян келтирүүчү нерсеге тыюу салуу керек. Фейсбукта жана Тик-Токто уят сөздөрдү колдонгондор 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка тартылышы керек”, — деди Икрамов.

Количество просмотров: 189