• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жанылыктар: Жалал-Абадда жер титиреди. Абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды

31 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН 3-ТУРУ БАШТАЛДЫ

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Документтерди кабыл алуу 31-июль саат 08:00дөн, 2-август саат 14:00гө чейин созулат.

Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга. ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

БАТИРДЕН АЯЛДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Кара-Балтада батирден 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1954-жылы туулган Л.К. аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жерине 3 куткаруучу тартылган.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 76