• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Соцфонддун башчысынын орун басары пара алып жаткан учурда кармалды

21 Кулжа 201912:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча Социалдык фонддун башчысынын орун басары улгайган аялдан пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Сузак району боюнча Соцфонддун жетекчисинин орун басары пенсияга чыгарууда документтерди толтуруу үчүн пара талап кылып жатат деген арыз менен Р.М. аттуу жаран кайрылган.

Катталган факт боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы: «А.У. документти толтуруу үчүн 22 миң сом талап кылганы аныкталды. Буга чейин арыз ээси 13 миң сомго жакын каражатты берип салган. 19-июнда өз иш бөлмөсүнөн 10 миң сом пара алып жаткан жеринен А.У кармалды», -деп билдирди.

Количество просмотров: 13