• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Сочи, Краснодар, Мурманск шаарларында консулдук иш сапарлар жүргүзүлөт

16 Бештин айы 202217:48 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 16-декабрынан 18-декабрына чейин Сочи жана Краснодар шаарларында, ошондой эле 2022-жылдын 23-декабрынан 25-декабрына чейин Мурманск шаарында Кыргызстандын жарандарын тейлөө максатында консулдук иш сапарлар жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Консулдук иш сапарлардын алкагында КР паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн алууга/алмаштырууга, консулдук каттоого турууга, КР жарандыгына таандык экендигин аныктоого арыздар кабыл алынат, ошондой эле Россиянын пенитенциардык мекемелериндеги КР жарандарына баруу ишке ашырылат.

Краснодар крайында жарандарды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Краснодар ш., Кызыл партизандар көч., №34 үй, 4-кабат; Сочи ш., Адлер району, Киров көчөсү, №6 үй; Мурманск ш., Капитан Орликов көчөсү 2а, 2-кабат.

Краснодар крайында кабыл алууга байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: +7 988 245 43 02 (Николай Ткачев – КРнын Краснодардагы Ардактуу консулунун жардамчысы) жана +7 988 286 51 20 (Айкан Аргынбаева – Сочидеги кыргыз диаспорасынын лидери). + 7 931 555 53 30 (Торокулов Фарход Сабиржонович, Мурманск шаарындагы «Ата-Журт» Кыргыз маданий борборунун төрагасы).

Элчилик мекендештерден Краснодар крайында жана Мурманск облусунда жашаган туугандарына жана досторуна Россиянын бул шаарларына пландалган консулдук сапарлар тууралуу маалымдоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Количество просмотров: 106