Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сомго жакын пенсияны төлөп бербей койдубу?
Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сомго жакын пенсияны төлөп бербей койдубу?
19 Аяк оона 20189:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сом өлчөмүндөгү пенсияны төлөп бербей коюшкан. Бул тууралуу прокуратурасынан маалымдашкан.
» Мыйзамга ылайык, Жетим балдар же ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды мамлекет камкордукка алууга тийиш. Жаран каза болгон учурда анын пенсиялык топтомунда чогулган каражат балдарына төлөнүп берилет. Бирок Башкы прокуратура тарабынан текшерүү учурунда 2010-2017-жылдар аралыгында Социалдык фонд тарабынан 14 миң 712 балага тиешелүү 13 миллион 151 миң 176 сом өлчөмүндөгү каражат төлөнүп берилбегени аныкталган.
Мындан сырткары териштирүү учурунда сумманын көлөмү өсүп, 19 миллион сомдон ашкан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура вице-премьер-министрдин атына жана Социалдык фондго аталган мыйзам бузууларды жөнгө салуу боюнча жазма эскертүү жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты …
«Ысык-Ата» санаторийинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаганы аныкталды. …