• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Сокулук районунда үй-бүлөдө чыккан чыр өлүмгө алып келди

14 Бештин айы 202213:27 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда үй-бүлөдө чыккан чыр өлүмгө алып келди. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-декабрында Сокулук РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун аймактык ооруканасынан 1998-жылы туулган С.К. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүү учурунда, Новопавловка айылынын тургуну 1998-жылы туулган С.К. аттуу жаран Сокулук районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө ар-кандай дене жаракаттары менен келип түшүп, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, каза болгон.

Аталган факт Сокулук РИИБнин каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-беренесинде көрсөтүлгөн (ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1998-жылы туулган С.К. жарандык жолдошу 1992-жылы туулган В.А. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 3793