Бишкек. 31.08.2019. Govori.TV.
Сокулук айылында эки жаштагы кызды сүзгөн кичи автобустун айдоочусу качып кеткен. Окуя кечээ, 30-августта саат 12:30 чамасында болгонун Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Болжолдуу маалымат боюнча, ак түстөгү кичи автобус кызды сүзүп, андан кийин айдоочусу качып кеткен. Жабырлануучу кыз бетинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди.
Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан жол кырсыгы болгон тараптагы видеокамералар аркылуу унаанын айдоочусу кармалды. Шектүү Сокулук айылынын 1993-жылы туулган тургуну В.М. экени аныкталган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Автоунаа айып короого киргизилип, учурда тергөө, териштирүү иштери улантылып жатат.

Булак: АКИ пресс.