• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Сокулукта 6 жаштагы бала өгөй атасы тарабынан сабалды (сүрөт)

23 Жетинин айы 202011:04 Бишкек Govori.TV

Сокулукта 6 жаштагы бала өгөй атасы тарабынан сабалды. Бул тууралуу Govori.TVга баланын апасынын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрь күнү кечинде болгон.

«17-ноябрь күнү кечинде дааратканага (короодо) чыккан, андан соң уулунун кыйкырган үнүн угуп, ал үйгө чуркап келсе күйөөсү уулунун үстүндө отуруп, аны сабап жаткандыгын көргөн. Ал күйөөсүн түртүп жиберип, уулун алып качып кеткен. Күйөөсү мас болчу. Алар 102ге чалып, 5 саат күтүштү, бирок келишкен жок. Эртең менен №3 балдар ооруканасына бардык. Баланын мээси чайкалган, көзүнө кан уюп калган, денесинде көптөгөн гематомалар бар. Ал эми апасынын 9 айлык боюнда бар болгондуктан бойдон түшүү коркунучу жаралып, ал да ооруканага жатты. 6 жаштагы Рамзан оорукананда учурда жалгыз жатат. Ал эми өгөй атасы жактоочу жалдап, кызга басым кылып жатат», — деп билдирген ал.

Келиндин жакындары кошумчалагандай, келин 25 жашта, ал эми анын жолдошу 33 жашта, ал баланы урган маалда А.Б. мас абалында болгон.

Учурда экинчи тарап менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Ал эми бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси боюнча катталганын аталгшан мекемеден кабарлашты. Ошондой эле, иштин материалдары Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Учурда Сокулук РИИБдин кызматкерлери А.Бны кармоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Количество просмотров: 321