• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сокулукта автоунаа уурдого шектүү жаран кармалды

4 Бирдин айы 2021 9:05 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда автоунаа уурдого шектүү жаран кармалды. Бул тууарлуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февраль күнү арыз менен 1967-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кайрылган. Анда болжол менен түнкү саат 1:00дон эртең мененки 6:00го чейин анын автоунаасын үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен айдап качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү сууранган. Бул факты Сокулук РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 206-беренеси менен катталган.

Бул кылмыштын ыкчам түрдө бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иштөө иш аракеттери жүргүзүлүп, натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран Токтогул районунан кармалып, Сокулук РИИБүнө жеткирилген. Учурда шектүү адам убактылуу кармочуу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 202