• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сокулукта баңгизатын сактоого шектүү аял кармалды

14 Бештин айы 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Сокулукта баңгизатын сактоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-декабрь күнү Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан, аял киши өзү жашаган үйүндө баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынып, анын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарына караштуу Орок жаңы конушундагы 29 жаштагы Т.Э.нин үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.

Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы зат героин (диацетилморфин) баңгизаты экени аныкталып, салмагы 66 граммдан ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 128