• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Сокулукта бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылды

31 Бугу 201911:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Чүйдөгү Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

25-майда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Көп узабай маркумдардын өздүгү такталып, бири — Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы Шамшыбек (М.Ш., ысымы өзгөртүлдү), экинчиси — Нарындагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Айгүмүш (Д.А., ысымы өзгөртүлдү) экени белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.


Количество просмотров: 15