• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Сокулукта бирөөнүн жер тилкесин сатууга шектүү аял кармалды

22 Бештин айы 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкелерди ээлеп алуу жана алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда милицияга 42 жаштагы Т.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш аял ишенимине кирип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 295-контурдагы арыздануучуга таандык жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (“Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”) жана 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 45 жаштагы К.Ы. аттуу аял кармалган.

“Териштирүү учурунда кармалган аял 2014-жылдан тарта бир топ жаран менен биргелешип бирөөнүн 5,4 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер экенин билип туруп, мыйзамсыз эки гектар жерин башка жарандарга курулуш куруу максатында сатып жибергени маалым болгон. Жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгым 40 млн сомдон ашуун деп бааланган”, — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүү аял үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жогорудагы контурдан башка бирөөгө таандык 0,4 сотых жер тилкесин мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жибергени аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 200 миң сомго бааланган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 286