• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сокулукта каракчылыкка шектүүлөр колго түштү

20 Аяк оона 2021 12:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1999-жылы туулган жаран О.С. кайрылган. Арызда 17-сентябрь күнү 25-30 жаштагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкендиги жазылган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган.

«Белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы үйүнө жеткиребиз деген жүйө менен унаага отургузуп, жолдон тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкан. Жаш өспүрүмдү ошол жакка тыштап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 168