• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Инвестордун мүлкүн тартып алышкан». УКМК шектүүлөрдү кармады

28 Бештин айы 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө инвестордун мүлкүн тартып алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалым болгондой, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. Кыргызстандын ISEO (Айсео) жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, Ысык-Көл районунун Корумду айылына 14 млн сомго пансионат курган.

«Пансионат курулуп бүткөндөн кийин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атына жамынган Р.Д.А., О.Б.А., А.К.Т. аттуу адамдар инвесторго зомбулук көрсөтүп, мүлкүн ээлеп алышкан да, өзүн өлкө аймагынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан. Бул маалымат боюнча иш жүргүзгөн УКМК кызматкерлери кылмышка шектүү катары ISEO компаниясынын кожоюндары О.Б.А., А.К.Т.ны жана башкы бухгалтери А.Н.К.ны кармашкан»,-деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 147