Киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Малыматта айтылгандай, 18-мартта болжол менен саат 07:10до милицияга Сокулук айылында үй өрттөнүп, өрттүн кесепетинен адам каза болгон деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
«18-мартта болжол менен таңкы саат 4төр чамасында бул үйдө эки эркектин ортосунда чыр чыкканын аныкташкан. Натыйжада мушташ чыгып, анын кесепетинен алардын бири ошол жерде каза болгон. Кылмышты жашыруу үчүн шектүү өлтүрүлгөн адам менен кошо үйдү өрттөп, из жашырган», — деп жазылат маалыматта.