• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сокулукта мамлекеттик тил күнүн карата чоң иш-чара өттү

22 Аяк оона 2018 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.09.2018.Govori.TV.

Чуй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы аянтчасында Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Маалматта ылайык,  М.Жангазиев атындагы №4 орто мектебинин жана А.Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын жамааты жана окуучулары, ошондой эле №1 бала бакчасынын тарбиялануучулары катышты. Алгач КРнын гимни ырдалып, салтанатты райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Токтобүбү Ракимбаева куттуктоо сөзү менен ачты. Андан кийинки сөз Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Эмилбековго, Сокулук райондук маданият үйүнүн «Ак-Саамай» фольклордук ансамблинин башчысы Айымкан Жаманкуловага берилди.

Аталган иш-чаранын алкагында улуттук кийимдердин парады өтүп, өнөрпоздор майрамдык концерт тартуулашты. Андан соң иш-чара А.Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясында улантылды.

Количество просмотров: 29