• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сокулукта отуруш ок атуу менен аяктап, 4 адам ооруканага түштү

24 Жалган куран 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунда үй-бүлөлүк отуруш ок атуу менен аяктап, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине 4 эркек киши келип түшкөнү кабарланган. Алардын үчөө октон жаракат алса, бирөө бычакталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

«29-декабрь күнү үй-бүлөлүк отурушта 52 жаштагы жаран менен 49 жаштагы жарандын ортосунда уруш чыгып, мушташка айланган. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында 49 жаштагы жаран белгисиз адамдар менен 52 жаштагы кишинин Сокулук районундагы үйүнө барышкан. Алар анын дарбазасын сындырышкан. Үй ээсинин 27 жаштагы уулу келгендерге каршылык көрсөтүү максатында ок аткан. Натыйжада 3 жаран жабыркап, ал эми өзү бычакталган. Ызы-чуу болуп жатканда ага белгисиз адам бычак сайган. Териштирүү ишинде адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы менен 49 жаштагы жаран кармалган. Ошондой эле 27 жана 19 жаштагы балдар кармалган»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 7921