• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта сел жүрүп, унаа жолду суу каптады

15 Теке 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 24-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жаан өткөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел агып, Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган.

Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган.

«Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. 14-июлда Төш-Булак айыл аймагынынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштери 15-июлда улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 336