• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сокулукта тоноочулукка шектүүлөр кармалды

29 Бештин айы 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

Сокулукта тоноочулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-декабрь күнү Сокулук районунун ИИБүнө 1977-жылы туулган Ж.К. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында болжол менен саат 22:00 чамаларында Жал айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз бирөөлөр анын денесине залал кетирип 10 миң сомдон жогору турган телефонун тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1985-жылы туулган А.Э. жана 1980-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 255