• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сокулукта тоноого шектүү жарандар кармалды

22 Чын куран 2022 16:39 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барганда 2022-жылдын 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп, телефонун тартып алып, автоунаага отуруп, из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.

Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жогорудагы кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э. жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118