• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сокулукта турак үй өрттөндү

27 Баш оона 20219:33 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Западный айылында турак үй, сарай жана чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 26-август күнү чыгып, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Саат 22:14тө өрт чектөөгө алынып, 00:24тө толук өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен 175 чарчы метр аянт күйдү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 187