• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Сокулукта жаш кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

16 Бугу 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-майында милицияга М.Ч., жээнин күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал көп жылдан бери 14 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөнүн айткан. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо кызматкерлери арыз ээсин суракка алышкан. Аял белгилегендей, 36 жаштагы жээни 2022-жылдын 3-майында жашы жете элек кызын май айынын дем алыш күндөрүнө таштап кеткен. Кыз тууганына өгөй атасы менен жакын мамиледе болгонун айткан.

35 жаштагы С.А аттуу жаран (өгөй атасы) кармалып, ал сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, жыныстык катнашта кыздын өзүнүн макулдугу менен болгонун айткан. Ал тергөө абагына жайгаштырылып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 153