• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулуктан 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

23 Теке 2018 13:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV
Сокулуктун базарынан 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы Govori.TV сайтына билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 20-июлда кармалган.
«Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалды. Шектүүнү аныктоо үчүн жабырлануучу жана анын мыйзамдуу өкүлү катышып, кармалган адам кылмышты жасаганын билдирген. Бул боюнча Сокулук РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталды», дейт Имангазиев.
Эске сала кетсек, 10-июнь күнү Сокулуктун базарынан коомдук дааратканага барган 10 жаштагы кыз белгисиз эркек тарабынан зордуктоого кабылганын ата-энесине билдирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери эркек кишини кармоо үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп анын фотороботу түзүлгөн.
Количество просмотров: 3