• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулуктун базарынан 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган эркектин фотороботу түзүлдү

17 Теке 201811:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.07.2018.Govori.TV
Сокулуктун базарынан 10 жашар кызды  зордуктоого аракет кылган 30-35 жаштагы эркектин фотороботу тартылды. Бул туурасында Чүй ОИИБнын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдирди.
Эске сала кетсек, 10-июнь күнү Сокулуктун базарынан коомдук дааратканага барган 10 жаштагы кыз белгисиз эркек тарабынан зордуктоого кабылганын ата-энесине билдирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери эркек кишини кармоо үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин жабырлануучу кыз Бишкектеги соттук-медициналык экспертизадан өтүп, ага зордуктоого аракет жасалгандыгы аныкталган. Бирок, экспертизанын расмий жыйынтыгы чыга элегин жазганбыз.
Количество просмотров: 81