26-27-сентябрь күндөрү Соль-Илецк шаарынан Кыргызстандык жарандар мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү 1840, ал эми 27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөлүк мекендештер келишкен.
«Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө кетүүгө уруксаат берилди»,-деп айтылат маалыматта.
26-сентябрь күнү 1840 жаран келген жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
27-сентябрь күнү келген 1575 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.