• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Солдаттарды ур-токмокко алган офицерлер жазаланат

10 Баш оона 2018 17:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori.TV.
Солдаттарды ур-токмокко алган, бутуна ок аткан жана кара жумушка иштеткен фактылар боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Генштабдын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, начальник Темирбек Козуев билдирди.
Ал, жабырлануучу солдаттардын нааразычылыгын эске алып, буларга токтолду.
“Биз ар бир күнөөлүнүн жазасын беребиз. Тиешелүү кызматкерлер жумушунан алынды.Кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз курал жарак сактап жана колдонгону үчүн аталган факт боюнча кылмыш иши козголду” – деп билдирди.
Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси («Кызматтык абалынан пайдалануу») боюнча кылмыш ишин козгоду.
Количество просмотров: 33