• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Солтон-Сарыдагы жаңжалда 20 жумушчу ооруканага түштү

6 Баш оона 201910:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн 6-августта таңкы саат 04:30да Нарын областтык ооруканасына “Zhong Ji Mining” кытай алтын казуу компаниясынын 20 жумушчусу келип түшкөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.

5-августта Солтон-Сарыдагы жергиликтүү эл менен кагылышуудан жаракат алган жумушчулардын абалы туруктуу деп бааланууда. Кайрылгандар баш-сөөгүнөн жабык жаракат алып, баш мээси чайкалган.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300 жакын жашоочуларды түзгөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан.

Количество просмотров: 19