Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Социалдык тармактагы фейсбук баракчасына Солтон-Сары кенине байланыштуу чыккан чыр-чатакты көзөмөлгө алганы барган милиция кызматкерлеринин мекетептин спорт залында уктап жаткан сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга алынды.
Интернет колдонуучулардын бири: “Нарын. Солтон-Сарыда болгон ызы-чууга барган милиция кызматкерлеринин жаткан жерлери. Эч кандай шарт түзүлүп берилген эмес”,-деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, 5-августта Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу талабы менен 300гө жакын киши чогулган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен ишкананын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргытып, жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.