ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРИ ЖАНА МИЛИЦИЯ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайра кайтарып жаткан учурда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары жана Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Иликтөөдө такталгандай, прокурор тергөөчү менен бирге Кыргызстандын жаранынын кылмыш ишин кыскартыш үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Кармоо операциясын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы менен Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү чогуу жүргүзгөн.
МИРБЕК АЙТИКЕЕВ ШВЕЦИЯДА ЭКЕНИ КАБАРЛАНДЫ
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин жеке булактар маалымдады. Бирок, анын качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү расмий органдар бул маалыматты тастыктай элек. 7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экени маалымдалган. Ага чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Мирбек Айтикеев журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылышы мүмкүн экенин билдирген. Журналист Мирбек Айтикеев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетиш үчүн келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келгенин биринчилерден болуп коомчулукка жарыялаган. 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган.
АБАКТАН КАЧУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАНГА КУРАЛ КОЛДОНУЛДУ
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында 19 жылга соттолгон кылмышкер качууга аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 17-октябрь күнү эртең менен болгон. Анда 31 жаштагы С.А. аттуу соттолгон жаран качууга аракет кылган. «Кылмышкерге постто турган кызматкер эки жолу ок аткан. Мындан улам ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы канааттандырарлык. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп билдирет басма сөз кызматынан.