• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сонку жаңылыктар: Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек. Коронавирустан 1 адам көз жумду

15 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

 Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 8, Чүй облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 916 киши айыгып чыкса, 2 миң 974 адам каза болду.

СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарын дарыясына 7-март күнү сегиз жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иши сегиз күндөн бери жүргүзүлүп жатат, бирок азырынча натыйжасыз болууда.

Бүгүн жерине 20 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда.

БАЛА БАКЧАНЫН МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИСИНЕ КЫЛМЫШ КОЗГОЛДУ

Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде акча каражаттарын мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген фактысы аныкталган.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан “Э.” аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. өзүнүн кызмат абалынан пайдалынып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, жалпысынан 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келгендиги такталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 85