• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков БАЭнин компанияларын Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды

12 Бештин айы 2019 14:51 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында БАЭдеги ири компаниялардын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Абу-Даби жана Дубай шаарларынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты.

Президент бүгүнкү күндө БАЭ Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү экенин белгиледи.

«Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигинин тең салмактуу соода-экономикалык жана инвестициялык саясатынын натыйжасында учурда чет элдик инвесторлор Эмираттарга каражаттарды инвестициялоого умтулушат. Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн үлгү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес болгону менен, бул багытта чоӊ мүмкүнчүлүктөр жана биргелешип ишке ашыра турган ири дарамет бар.

«Биздин башкы максат — эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, Кыргызстанга араб инвестицияларын тартуу. Учурда инвесторлор кызыга турган чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Ошондой эле туризм тармагында да мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргызстан экологиялык жактан таза, органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр. Алар Араб Эмираттардын рынокторунда өз ордун табат деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү боюнча чоң иш-аракеттерди аткарганын белгиледи, бизнести каттоо кыйла жөнөкөйлөштү, ал үчүн үч күндөн ашык убакыт кетпейт. Бизнести негизсиз текшерүүлөр кыскарган, жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган. Кыргызстандагы салык чендер төмөн.

Ал дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары киреше салыгы, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын төлөөдөн бошотулганын кошумчалады. Артыкчылыктардын катарында ал электр энергиянын арзандыгын, технологиялык жабдууларды импорттоо алымдардан бошотулганын, эркин валюта режими болгонун, өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүн жана Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ экендигин атап өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков жогорудагы шарттарды эске алып, ири компаниялардын өкүлдөрүн жана жетекчилерин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлоруна инвестиция жасоого чакырды жана мамлекеттик органдар тарабынан бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Жолугушууда Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу тармактары тууралуу презентация жасады. Ал инфраструктуралык жана башка долбоорлорду, анын ичинде өлкөнүн аймактарында да ишке ашыруунун артыкчылыктары жөнүндө айтып берип, суроолорго жооп берди.

Жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин баса белгилеп, дагы бир жолу БАЭнин ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрүн каражаттарын Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.

Количество просмотров: 50