Биишкек. 01.08.2019. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон сапардын алкагында, Букара айылындагы орто мектебинин жаңы имаратын көрүп чыкты.

Мектептин директору Нурзада Бейшембекова мектептин негизги имаратына кошумча имаратты куруу 2017-жылы башталганын маалымдады. Бүгүнкү күндө куруу иштери аягына чыгып калды.
Жаңы имаратта спортзал, ашкана, китепкана, компьютер бөлүмү, окуу класстары жана лаборатория жайгашкан. Объект 2019-2020-жаңы окуу жылынын башында колдонууга берилет.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Панфиловка айылындагы жаңы спортзалга жана Алыкул Осмонов атындагы музейге барды.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кеңейтүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары тартылган Вознесеновка айылындагы «Тянь-Шань форель» ЖЧКсы балык чарбасы менен таанышты.
