• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

3 Бирдин айы 2020 18:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандарын Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак жеткирди.

Количество просмотров: 97