Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалат.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, президенттер учурдагы актуалдуу маселелер жана көп тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшкөн.
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салып жатканын Tengrinews.kz. басылмасы жазган.