• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Меркелди туулган күнү менен куттуктады

18 Теке 2019 10:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«Сиз кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатасыз. Тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда Сиздин кошкон жеке салымыңыз баа жеткис.

Кыргыз эли Сиздин эгемендүү жана тоолуу Кыргызстан жергесине жасаган ийгиликтүү сапарыңызды ушул күнгө чейин жылуу сезим менен белгилеп келе жатышат.

Германияга болгон сапарымдын учурунда биздин жолугушууну жылуу сезим менен эстейм. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары дагы конструктивдүү жана достук маанайда өнүгө берерине ишенем. Бул үчүн эки тараптуу карым-катнаштардын бардык механизмдери бар жана тиешелүү шарттар түзүлгөн».

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Канцлери Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 22