• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Президентти сындоодон өткөн жеңил популизм жок

19 Аяк оона 2020 21:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери тууралуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчысы үгүт иштери күчтүү саясий атаандаштыкта жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Аны мен көрүп жатам. Эл менен жолуккандарын, сүйлөгөндөрүн, теледебаттарды көрүп жатам. Абдан күчтүү атаандаштык жүрүп жатат. Муну көрүп, мен да кубанып жатам. Бул нерсе биздин коомду тазалайт. Азыркы талапкерлерге, партияларга деле үгүт ишин жүргүзүү жеңил эмес. Анткени, биздин коом — ачык коом. Шайлоочуну эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Баары ачык. Маалымат булагы ачык. Эч нерсе жашыруун эмес. Ушундай шартта шайлоочунун көңүлүн алуу, бурдуруу оңой иш эмес. Аларды мен түшүнүп турам», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандары саясаттан толук кабардар экенин айтты.

«Мен айтат элем, биздин элибиз чыныгы такшалган шайлоочу. Мына ушул кийин баары бир жыйынтыгын берет деп ишенем. Мына ушундай кырдаалда элдин көңүлүн эмне менен бурса болот? Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат, элдин көңүлүн бурат. Мындай кырдаалда Президентти сындоодон өткөн жеңил популизм жок да. Мени жамандаганы, көбү үмүт кылып жатат, Президентти жамандап, добуш алабыз деп. Бул дагы ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонот. Бизде дагы болуп атат. Мен аны көрүп, карап, баарын тең туура түшүнүп атам. Бирок экинчи жагы да бар. Келе жаткан жаш саясатчылар, жаштар айтса да мейли, ошол сөздөрдү. Бирок, 30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Өздөрү кечээ эле бийликтин эң чоң бутагы болгон — мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп, бүгүн бийликтен куугунтук көргөндөй сүйлөп жаткандар да бар», — деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы

Мунун баары, Президент белгилегендей, элдин көңүлүн буруу аракети.

«Азыр элге эмне жагат? Депутаттардын санын азайтабыз деп айтып жатышат. Чыкканы эле ошону айтып жатат. Бирок ал үчүн конституциялык реформа жүргүзөм деген киши жок. Депутаттын саны Конституцияда көрсөтүлгөн. Экинчи маселени айтып жатышат, парламентке делген чыгашаны азайтабыз деп. Мындай убаданы мурда да укканбыз. Бирок, тилекке каршы, депутат болуп келери менен, „ал үчүн мыйзамды өзгөртүшүбүз керек“ деп, алакан жайгандар да болгон. Аларды да көргөнбүз. Айлык, пенсияны көбөйтөбүз дейт. Бирок, кандай жол менен, йткан киши жок.

Муну өкмөт дагы, мен дагы айтып жатабыз, жасап жатабыз. Буйруса, муну көбөйтөбүз. Ал үчүн, биринчи кезекте, санариптештирүүнү киргизүү деп айтып да, талап да коюп жатам. Көмүскө экономиканы азайтыш керек. Азайтып, ошону ачыкка алып чыгып, санариптештирүүнү, фискализацияны киргизүү менен биз бюджетке кирешени көбөйтөбүз. Ошондой жол менен биз пенсия, айлыктарды көбөйтө алабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле жаш талапкерлердин темасына токтолду.

«Ошол талапкерлердин көпчүлүгү мына ушул санариптештирүү саясатын колдоп, сүйлөп жатышат. Аймактарды өнүктүрүү деп жатышат. Кайра иштетүү тармагын колдоо керек деп айтып жатышат. Ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар — санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар. Ошолорду көрүп, жакшы жаштар келатат деп, ыраазы болуп жатам. Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан кер ек. Партиянын жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар», — деп өзгөчө баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал популисттик билдирүүлөр тууралуу дагы пикири менен бөлүштү.

«Алар дайыма болуп келген, болот. Жогоруда айткандай, жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да. Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — „Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал“ деген, ошону айтат элем. Азыр эми үгүт иши болуп жаткандыктан, мен „тигил, бул“ деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай эле коеюн. Мезгили келгенде, алардын атын атап, ишин айтып, коомчулукка жарыялоочу учур келет. Алардан айырмаланып, мен утурумдук билдирүү лөрдү жасоого укугум чектелүү. Анткени, менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим. Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге Президент бир жагдайга токтолду.

 «1995-жылы парламентке депутат болуп шайланып келгем. Ошондон бери чоң саясаттамын. Азыркы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, чарбада иштегем. Ишти сыртынан эмес, ичинен көрүп, колум менен жасап, бийликтин бардык тепкичтерин басып келгем. Албетте, иш болгон соң кемчиликтер болбой койбойт. Сөзсүз болот.  Бирок, эч ким мени коррупцияга аралашкан деп айта албайт. Аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Ар кандай шектүү схемаларга катышкан да эмесмин. Мына ушул тазалыг ым мага азыр коррупция менен жүзүм жарык күрөшүүгө мүмкүндүк берүүдө. Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт. Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам. Президент болуп, буйруса, мына 3 жыл иштеп жатам. Кудайга шүгүр, ыплас иштерге аралашкан жокмун», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 222