• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты

9 Тогуздун айы 2020 8:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады.

Анда президент өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жеткенин айтып, аны жөнгө салуу үчүн бир катар сунуштарды берген. 

«Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем»,-деген Жээнбеков кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керектигин айткан.

Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл экенин токтолгон.

«Мен жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек», — деди Жээнбеков.

Ал азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөп жатканын, кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин кайталаган. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырган. 

Кыргызстанда шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялардын 5-октябрдагы акциясы массалык тополоңго чейин жетип, саясий кризис башталгандан бери президент ушуну менен төртүнчү ирет кайрылуу жасады.

Количество просмотров: 5656