Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болот. Мындан сырткары КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
-Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов;
вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;
экономика министри Санжар Муканбетов.