• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков сотко чакырылды

29 Үчтүн айы 2021 14:30 Бишкек Govori.TV


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча күбө катары сотко чакырылды. Бул тууралуу Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматтарга караганда, Жээнбеков сотко 3-февралга чакырылды.

«Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков суракка чакырылды. Зилалиев кармалганда «Оптима банктын» кутучасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тараган. УКМК тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан, аны эч ким суракка алган эмес. УКМК да «жок, бул миллион доллар сеники» деген жүйө менен сотко өткөрүп берген»,-деди жактоочу.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 300