• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков УКМКда сурак берди

12 Баш оона 2021 20:02 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбеков
Кумтөр долбоору боюнча сурак берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017 -жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.


«Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылды.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттери,
УКМК С.Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Кумтөр иши боюнча бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер кармалды, айрымдары суракка чакырылып жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча 1992, 1994, 2003 жана 2009-жылдардагы келишимдер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыкты. Коррупция фактылары аныкталып, күнөөлүү адамдарга кылмыш иши козголуп, айрымдарына издөө жарыяланган.

2012-2014-жылдары «Центерра» компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштеген бир катар чиновниктерге жана депутаттарга кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат 2017-жылы түзүлгөн келишим жана Суу кодексине кирген өзгөртүү боюнча тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берилерин маалымдады.

Количество просмотров: 489