Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй областына жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Президенттик Апппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы райондун жашоочуларына мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.
Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаты ички миграцияны кыскартууга, жер-жерлерде ишкердикти колдоого, экспорттук дараметти жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганын баса белгиледи.
2024-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарында калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилип, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана модернизациялоо ишке ашырыларын эске салды.
Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланууда. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышат.