• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбековду инаугурацияга катыштырбоону талап кылгандар митингге чыкты

27 Үчтүн айы 202114:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда Ак үйдүн алдында өткөн митингде Садыр Жапаровдун ант берүү аземине экс-президент Сооронбай Жээнбековду киргизбөөнү талап кылышты.

Бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюшту.

«Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда 2 миңдей адам коронавирустан каза таап, дары-дармектер жетишсиз болгон. Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги каралыш керек. Ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга киргизбеш керек»,-деп билдиришти акциянын катышуучулары.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Количество просмотров: 508