• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен расмий жолугушуу аземи болду

12 Бештин айы 2019 16:40 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 12-декабрда Абу-Даби шаарындагы «Каср Аль Ватан» Сарайында болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына кечээ, 11-декабрда, Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен келген.

Ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан жана БАЭнин гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян Ардактуу кароолдун Командачысынын рапортунан кийин Сарайга өтүшүп, фойеде кол кысышып учурашуу жана сүрөткө түшүү болду.

Сооронбай Жээнбеков жана Мухаммед бин Заед Аль Нахайян расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырылды. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Ардактуу меймандар китебинде эстелик кол жазмасын калтырды. Андан ары тараптар кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мураскер ханзаада Мухаммед бин Заед Аль Нахайян чакан курамда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы маданият чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

— КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана мал азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана БАЭ Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргызстандын Ислам Академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ Кызыл Жарым ай коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.

Количество просмотров: 70