• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбековго жыл аягына чейин 296 миң сом пенсия бөлүнөт

27 Жетинин айы 2020 19:12 Бишкек Govori.TV

Мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган экс-президент Сооронбай Жээнбековго эки ай үчүн 296 миң сом пенсия бөлүнөт.

Финансы министрлигинин берген маалыматында: «Бул жалпы сумма. Анын ичинде пенсияга жана транспортко канча бөлүнөрүн айта албайбыз. Бул маселе боюнча Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратына кайрылуу керек», — деп жазылат.

Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы берилген. Ал 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти.

Количество просмотров: 154